АКШ Батыш Шерианын Наблус шаарында жарандардын каза болушунан тынчсызданууда

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс борбор шаар Вашингтондогу күнүмдүк маалымат жыйынында Израиль армиясынын басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына кол салуусуна токтолду.

1950366
АКШ  Батыш Шерианын Наблус шаарында  жарандардын каза болушунан тынчсызданууда

АКШ Израиль армиясы оккупацияга алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарында жүргүзгөн рейдинде жарандардын каза болушу жана жаралуулардан тынчсыздангандыгын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс борбор шаар Вашингтондогу күнүмдүк маалымат жыйынында Израиль армиясынын басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына кол салуусуна токтолду.

Прайс Израиль жана Батыш Шериадагы зордук - зомбулуктун деңгээлинен  тынчсызданганын айтты.

АКШнын басма сөз катчысы, Израиль күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен жарандардын каза болушу жана жараланышынан  тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

Батыш Шериадагы коопсуздук абалын жакшыртуу үчүн тараптардын шашылыш түрдө биргелешип иштөө зарылдыгын баса белгилеген Прайс Израилди палестиналык үй-бүлөлөрдү көчүрүү, бузуу жана мыйзамсыз отурукташуу сыяктуу чыңалууну күчөтө турган аракеттерден баш тартууга чакырышкандарын айтты.

Прайс : "Израилдиктер менен палестиналыктар коопсуздукта, бирдей деңгээлде жашоого укуктуу",- деди.

Сауд Аравия, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Кувейт, Алжир, Оман жана Египет да Израиль армиясы оккупациялаган Батыш Шериада 11 палестиналыктын өлүмү жана 100дөн ашуун кишинин жараланышы менен аяктаган кол салууну айыпташты.



Тектеш кабарлар