Израиль аскерлери Наблуста 10 палестиналыкты атып өлтүрдү
Окуяга күбө болгондордун айтымында, израилдик күчтөр Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына бир нече кире бериштен рейд жүргүзүштү.
Израиль аскерлеринин басып алган Батыш Шериадагы Наблус шаарына жүргүзгөн рейдде 10 палестиналык каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар болду.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, израилдик күчтөр Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына бир нече кире бериштен рейд жүргүзүштү.
Наблустун Байыркы шаар аймагындагы бир үйдү курчоого алган Израиль күчтөрү басып кирүүгө нааразылык билдирген палестиналыктарды чыныгы ок менен аткылады.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин булактары рейдде бирөө бала 10 палестиналыктын каза болгонун, 102 кишинин жарадар болгонун билдирди.
Жаралуулардан 6сынын абалы оор экендиги жана аймактагы ооруканаларга жеткирилгени белгиленди.
Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарында Израиль күчтөрүнүн чыныгы ок менен кийлигишүүсүнөн 2 журналисттин жараланганы белгиленди.
Израиль күчтөрүнүн аймактагы басып кирүүсүнөн кийин окуялар уланууда.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.