Албанияда улуттук аза күтүү жарыяланды

Албаниянын премьер - министри Эди Рама өкмөттүн чечимин социалдык медиа аркылуу жарыялады.

1945172
Албанияда улуттук аза күтүү жарыяланды

Албан өкмөтү 6 - февралда Кахраманмарашта болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн улам 13  - февралды бир күндүк улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин чыгарды.

Албаниянын премьер - министри Эди Рама өкмөттүн чечимин социалдык медиа аркылуу жарыялады.

Дүйшөмбү күнү желектерди жарымга түшүрүү жана шамдарды күйгүзүү тилектештиктин символу болорун эске салган Рама : «Түркия - Сирия чек арасындагы чоң жер титирөө апаатында каза болгондорду эскерүү жана мындан мурда Албанияны да таасири астына алган ушундай кырсыкта биз менен болгон дос Түркия менен тилектештиктин белгиси катары Албания өкмөтү 13 - февраль дүйшөмбү күнүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады",- деди. 



Тектеш кабарлар