Макрон Түркияга колдоосун билдирди

Макрон: «Түркия менен Сириянын түндүк-батышында болгон коркунучтуу жер титирөөлөр жана анын курмандыктарына тилектештигибизди, колдоосубузду билдиргим келет»

1944823
Макрон Түркияга колдоосун билдирди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн улам Түркия менен тилектештикте экендиктерин билдирди.

Макрон Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдиги (ЕБ) лидерлеринин кезексиз саммитинен кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

«Кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөлөргө байланыштуу Макрон: «Түркия менен Сириянын түндүк-батышында болгон коркунучтуу жер титирөөлөр жана анын курмандыктарына тилектештигибизди, колдоосубузду билдиргим келет»,-деди.

Жер титирөө болгон күнү президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып, Франциянын атынан көңүл айтканын эске салган Макрон, Франция баш болгон көптөгөн ЕБ өлкөлөрүнүн жарандык коргонуу топторун жибергендерин баса белгиледи.

Өлкөсүнөн 140 кишилик топтун Түркиядагы куткаруу иштерине катышканын айткан Макрон, муктаждыктарга жана артыкчылыктарга жараша тилектештик билдирүүсү катары жардамдарды көбөйтүүгө даяр экендиктерине басым жасады.



Тектеш кабарлар