Дүйнөгө белгилүү өнөрпоздор Түркияга колдоо көрсөтүшүүдө

Женнифер Лопес Түркия жана Сириядагы күйөрмандарына колдоо жөнөткөнүн белгилеп : «Бул дээрлик 100 жылда аймакта болгон эң күчтүү жер титирөө»,-деди.

1944960
Дүйнөгө белгилүү өнөрпоздор Түркияга колдоо көрсөтүшүүдө

 6 -  февралда эпицентри Кахраманмараш болгон «Кылымдын апааты» деп аталган жер титирөөлөрөн кийин дүйнөлүк масштабда  таанымал ысымдар Түркия жана Сирияга жардам чакыруусун улантууда.

Америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес Инстаграм баракчасында 377 миллион катталуучусу менен урандылардан куткарылган баланын сүрөтүн жана ЮНИСЕФтин (Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду) жардам кампаниясынын шилтемесин бөлүшүп : «Сирия жана Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жүрөгүм сыздады»,- деди.

Шакира да жардам кампаниясынын шилтемесин Инстаграм баракчасынан жарыялап,Түркия жана Сириядагы жер титирөөнүн балдарга тийгизген таасирине көңүл буруп, урандылардын астынан куткарылган баланын сүрөтүн катталуучулары менен бөлүштү.

Америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес Түркия жана Сириядагы күйөрмандарына колдоо жөнөткөнүн белгилеп : «Бул дээрлик 100 жылда аймакта болгон эң күчтүү жер титирөө»,-деди.

Катталуучуларын ЮНИФЕСтин  кайрымдуулук кампаниясына багыттаган Лопес жер титирөөдөн жабыркаган балдардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жардам берүүгө чакырды.

Белгилүү индиялык актриса Женнифер Вингет Твиттер баракчасында жер титирөө болгон аймактардан тартылган сүрөттөрдү абдан кайгыруу менен көргөнүн белгилеп, каза болгондор үчүн дуа  кылганын айтты.

"Lost"  жана  "24" сериалдарындагы ролу менен таанылган америкалык актриса Лана Паррилла түрк жана Сирия коомдору үчүн дуба кылганын : "Бул урандыны көргөндө абдан кайрыгдым. Аны түшүндүгүү үчүн сөз таба албай жатам",- деди.

Француз модел Себастьян Бетч Инстаграм баракчасындагы билдирүүлөрүндө Түркияда тарткан сүрөттөр менен бирге жер титирөөдөн кийин тартылган урандылардын сүрөттөрүн колдонду.

Катталуучуларын  AХБАП бирикмесине кайрымдуулук кылууга багыттаган Бетч Түркиянын эки чоң жер титирөөдөн катуу жабыркагандыгын айтып: «Түрк элинин берешендигине жеке күбө болгонум үчүн абдан бактылуумун. Эми бул берешендиктин жообун берүү биздин колубузда»,- деди.  

Испаниялык музыкант Энрике Иглесиас "Save The Children" уюмунун жардам кампаниясын социалдык медиа эсептеринде бөлүшүп : "Түркия жана Сирия азыр чындыгында жардамыбызга муктаж. Колуңардан келсе сүйүүңөрдү, колдооңорду жана жардамыңарды жөнөткүлө"-деген билдирүү жасады.

Дүйнөгө таанымал ашпозчу Жейми Оливер да эки өлкөдө тең жер титирөөдөн жабыркагандардын кайгысын тең бөлүшкөнүн баса белгилеп, Британиядагы Кырсык өзгөчө кырдаалдар комитетинин (DEC) Түркия жана Сирия үчүн баштаган жардам кампаниясын бөлүштү.

АКШлык актриса София Карсон ЮНИСЕФтин жардам кампаниясына байланыштуу Инстаграм баракчасынан жарыялаган сүрөттө Түркиядагы балдардын дүйнөнүн төрт тарабынан келе турган жардамга муктаж экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар