Зеленскийдин Батыш өлкөлөрүнө өтүнүчү

Зеленский, Европага сапарынын алдында борбор калаа Киевде француз Le Figaro жана Германиянын Der Spiegel гезиттерине маалымат берди.

1944474
Зеленскийдин Батыш өлкөлөрүнө өтүнүчү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрүнөн көбүрөөк курал-жарак жардамын өтүндү.

Европага сапарынын алдында борбор калаа Киевде француз Le Figaro жана Германиянын Der Spiegel гезиттерине маалымат берген Зеленский, эгер Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согушта жеңишке жетсе, ал токтобой турганын жана башка өлкөлөргө да ушундай мамиле кыларын айтты.

«Мен күн сайын Батыш лидерлери менен Орусиянын чабуулдарын токтотуу үчүн сүйлөштүм. Алардан бизге көбүрөөк курал-жарак берүүнү жана Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүнү өтүндүм» деген Зеленский, Батыш өлкөлөрүн согушка чейин Орусияга каршы санкциялар боюнча чечим кабыл албаганы үчүн сындады.

Европалыктардын Крым жана Донбас үчүн согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну каалагандарын баса белгилеген Зеленский, Орусиянын Украина менен согушун токтотпой турганына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар