Байден Түркияга колдоосун билдирди

Байден экономикалык пландарын түшүндүрүү үчүн барган Висконсин штатында билдирүү жасады.

1944165
Байден Түркияга колдоосун билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Түркия менен Сирияга таасир эткен 6-февралдагы очогу Кахраманмарашта катталган жер титирөөлөрдүн күчүнө көңүл буруп: «Бул, аймакта болгон акыркы 100 жылдагы эң катуу жер титирөөлөрдүн бири»,- деди.

Байден экономикалык пландарын түшүндүрүү үчүн барган Висконсин штатында билдирүү жасады.  

Сөзүн «Америка элинин ойлору жана тилектери Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар менен бирге» деп баштаган Байден: «Бул, аймакта болгон акыркы 100 жылдагы эң катуу жер титирөөлөрдүн бири», - деди.

Каза тапкандар үчүн аза күткөндөрүн белгилеп «Жер титирөө абдан күчтүү болуптур, кайталанган термелүүлөр жана экинчи жер титирөө болду» деген Байден, ойлорунун бул трагедиядан жабыркагандар менен бирге экенин айтты.

Байден, жер титирөөдөн кийин дароо президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалганын жана АКШнын НАТО шериктеши Түркияга толук колдоосун сунуштаганын билдирди. Президент Байден АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги менен Европадагы АКШ армиясынын да Түркиядагы жер титирөө болгон аймакта жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Сирияда да АКШнын гуманитардык уюмдары аркылуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлгөнүн кабарлаган Байден: «Түркия менен Сириянын элине керектүү учурда колдоо көрсөтүү боюнча чечкиндүүбүз»,-деди.

Ошол эле учурда АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер, 10 облуста болгон жер титирөөлөрдө издөө-куткаруу жана гуманитардык жардам иштерин колдоо үчүн АКШнын USS George HW Bush учак конуучу кемесинин Түркияга жөнөтүлгөнүн маалымдады.



Тектеш кабарлар