Зеленский Британияга барды
Зеленскийди аэропорттон Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак тосуп алды.
1943879
Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуу Британияга барды.
Украинанын президенти Зеленскийди ташыган учак Британиянын борбор шаары Лондондун Стэнстед аэропортуна конду.
Зеленскийди аэропорттон Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак тосуп алды.
Бул тууралуу Сунак социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: "Улуу Британияга кош келипсиз президент Зеленский" деп жазып фотосүрөт бөлүштү.
Зеленский 24-февралда Орусия-Украина согушу башталгандан бери биринчи жолу Британияга барды.
Украин лидери биринчи чет өлкөгө сапарын 2022-жылдын декабрында АКШга жасаган.