Мелони ЕБ лидерлери менен сүйлөштү
Мелони, 9-10-февралда боло турган ЕБ лидерлер саммитинен мурда кээ бир Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен бир катар телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрдү.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони 9-10-февраль күндөрүндө боло турган Европа Биримдигинин (ЕБ) Лидерлер саммитине даярдануу максатында Франция, Нидерландия, Австрия жана Грециянын лидерлери менен бир катар телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрдү.
Италиянын Премьер-министрлигинин билдирүүсүндө, 3-февралда Швециянын борбор шаары Стокгольм жана Германиянын борбор шаары Берлинде жолугушууларды өткөргөн Мелони, 9-10-февралда боло турган кезексиз ЕБ лидерлер саммитинин алдында кээ бир Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен бир катар телефон сүйлөшүүлөрүн өткөргөнү маалымдалды.
Мелонинин кечинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте, Австриянын премьер-министри Карл Нехаммер жана Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен сүйлөшкөнү белгиленди.
Премьер-министр Мелонинин сүйлөшүүлөрдө Украинага толук колдоо көрсөтүү, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн колдогон ЕБ чечимдери, миграция агымы жана тышкы чек араларды көзөмөлдөө үчүн Европа деңгээлинде чечим табуу сыяктуу темаларды лидерлер менен талкуулаганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.