Дейр – эз - Зор провинциясында ПКК/ЙПГ террористтери жарандарга ок атты

Дейр – эз - Зордун элет жеринде көбүн арабдар түзгөн  отурукташуу жеринде акыркы бир аптадан бери тез - тез ПКК/ЙПГге каршы митингдер өткөрүлүүдө.

1941894
Дейр – эз - Зор провинциясында  ПКК/ЙПГ террористтери жарандарга ок атты

ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюм Сириянын чыгышындагы Дейр – эз - Зор провинциясында басып алган шаарларда уюмга каршы митингдерди өткөргөн араб калкын таратуу үчүн ок атты.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Сириянын Ирак чек арасына үстөмдүк кылган Дейр - эз - Зор облусунун чыгышында ПКК/ЙПГ террористтери басып алган Сабха жана Эбреййе шаарчаларында ондогон киши уюмга каршы митинг өткөрдү.

Көзөмөл пункттары деп аталган пункттарды куруу менен элге кысым жасоону максат кылган уюм митингчилерди таратуу үчүн жарандарга ок атты. Окуяларда каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок.

Террористтер Сабха жана Эбреййеде 3 күндүк "коменданттык саат" жарыялашты.

Дейр – эз - Зордун элет жеринде көбүн арабдар түзгөн  отурукташуу жеринде акыркы бир аптадан бери тез - тез ПКК/ЙПГге каршы митингдер өткөрүлүүдө.

Террордук уюмдан жарандарды негизсиз камоосун токтотууну жана камактагыларды бошотууну талап кылган митингчилер жашоо шарттарынын начарлашына да каршы чыгышууда.

Дейр -  эз -  Зордун Евфрат дарыясынын чыгышындагы бөлүгү 2017 - жылдан бери террордук уюм ПКК/ЙПГнын колунда.

 



Тектеш кабарлар