НАТОнун баш катчысы Столтенберг Японияда

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Чыгыш Азия сапарынын алкагында барган Япониянын борбор шаары Токиодогу жолугушууларынан кийин Кейо университетинде сөз сүйлөдү.

1941017
НАТОнун баш катчысы Столтенберг Японияда

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага кол салууларынын жыйынтыгын Кытайдын жакындан байкаганын жана анын келечектеги чечимдерине таасир эте турган сабактарды алганын айтты.

Йенс Столтенберг, Чыгыш Азия сапарынын алкагында барган Япониянын борбор шаары Токиодогу жолугушууларынан кийин Кейо университетинде сүйлөгөн сөзүндө: «Япония маанилүү глобалдык актер, ал тынчтыкты жигердүү колдойт. НАТО да ушул үчүн турат»,-деди.

Терроризмден климаттын өзгөрүшүнө, кибер коркунучтарга жана өзөктүк куралдын жайылышына чейин глобалдык чакырыктардын күчөгөнүн белгилеген Столтенберг: «Дүйнөлүк тартип коркунуч алдында турат. Москва менен Пекин авторитардык оппозициянын башында турат»,-деп айтты.

Йенс Столтенберг Түндүк Кореянын ракета сыноолорунун да эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурганын белгилеп, Кытайдын Индо-Тынч океан аймагындагы таасиринин күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.

Орусия Украинага каршы согушта жеңишке жетсе, «Москва менен Пекинге берилген билдирүү, алар каалаганына орой күч менен жете алышат» дегенди берет деген Столтенберг: «Бүгүн Европада болуп жаткан окуялар эртең Чыгыш Азияда да болушу мүмкүн»,-деп өз баасын берди.

Йенс Столтенберг бул согуш жөн эле европалык кризис эмес, глобалдык коопсуздукка жана стабилдүүлүккө чакырык экенин айтып: «Кытай жакындан байкап турат жана анын келечектеги чечимдерине таасир этиши мүмкүн болгон сабактарды алууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар