Батыштагы Ыйык Куранды өрттөөлөргө каршы чыгуулар...

Ар кайсы өлкөлөрдөгү бир топ мусулмандар даниялык ашкере улутчул Катуу багыт партиясынын (Страм Курс) лидери Расмус Палудандын Ыйык Куранды өрттөшүнө нааразылык акциясына чыгышты.

1939155
Батыштагы Ыйык Куранды өрттөөлөргө каршы чыгуулар...

Англиянын борбору Лондондо бир топ мусулмандар даниялык ашкере улутчул Катуу багыт партиясынын (Страм Курс) лидери Расмус Палудандын Ыйык Куранды өрттөшүнө нааразылык акциясына чыгышты.

Швециянын Лондондогу элчилигинин алдына чогулган демонстранттар мусулмандарга каршы (исламофобиялык) акцияны айыптаган баннерлер жана ураандарды чакырып турушту.

Палудан Швецияда да, Данияда да Курани Каримди өрттөгөндөн кийин Швецияда түрдүү диний топтор мусулмандарга колдоо көрсөтүштү.

Араб өлкөлөрү жана мекемелери болсо Данияда Курани Каримдин өрттөлүшүн айыптап, бул кыймылды жасагандардын жазаланышын талап кылышты.

Катардын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта бул жийиркеничтүү кыймылды айыптоо менен бирге дүйнөдөгү 2 миллиарддан ашуун мусулманга каршы олуттуу провокация болгону белгиленди.

Омандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө экстремизм жана жек көрүү идеологиясын жайылткан, диндерди жана ишенимдерди кемсинткен бул жийиркеничтүү чабуулдардын уланышынын кесепеттерин эскертти.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши жана Араб парламенти да билдирүүлөрүндө айтылган кол салуунун мусулмандардын сезимдерин козгогондугун белгилешти.

21-январда Швециянын Стокгольм шаарындагы Түркия элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн Палудан Дания полициясынын уруксаты менен 27-январда Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында дагы ушундай провокация жасаган.

Нидерландиядагы Батыштын исламдашуусуна каршы патриоттук европалыктар кыймылынын лидери Эдвин Вагенсвельд Гаагада жалгыз жасаган акциясында Куранды айрып салды.



Тектеш кабарлар