Pfizer компаниясынын Түндүк Кореяга сунушу

Pfizer «Дени сак дүйнө үчүн макулдашуу» долбоорун кеңейтти.

1934530
Pfizer компаниясынын Түндүк Кореяга сунушу

Американын фармацевтикалык Pfizer компаниясы Түндүк Кореяга коронавирус (Ковид-19) вакцинасын өндүрүш баасында сатууну сунуштады.

NK News гезитинин кабарына караганда, Pfizer Түндүк Корея менен бирге кирешеси төмөн 45 өлкөгө коммерциялык эмес негизде дары-дармектерди жана вакциналарды сатуу максатында башталган «Дени сак дүйнө үчүн макулдашуу» долбоорун кеңейтти.

Болжол менен 1 миллиард 200 миллион кишинин пайдаланаары күтүлгөн долбоордун, химиотерапия дарылары жана ар кандай антибиотиктер менен бирге 500дөн ашуун дарыны камтыганы белгиленди.

Адистердин ырасташынча, Түндүк Кореяда AstraZeneca Ковид-19 вакцинасын сактоо жана жайылтуу үчүн керектүү инфраструктура бар, бирок муздак сактоо шарттарын талап кылган Pfizer сыяктуу вакциналар Пхеньян администрациясын кыйнашы мүмкүн.

Түндүк Корея май айында медициналык каражаттарды уурдап же саткан адамдардын өлүм жазасына тартыларын жарыялаган.

Түндүк Корея пандемия учурунда көптөгөн вакцина жана дары-дармек сунуштарын болсо четке каккан.



Тектеш кабарлар