АКШда куралдуу кол салуу болду
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
1933638
АКШнын Флорида штатында укук коргоочу доктор Мартин Лютер Кингди эскерүү иш-чарасында куралдуу кол салуу болуп, сегиз киши жараат алды.
Флориданын Форт-Пирс округундагы сейил бакта өткөрүлгөн иш-чарада атышуу болду.
Полиция, бирөөсү бала 8 киши жараланган кол салуунун «келишпестиктен» улам болгонун, жаралангандардын биринин абалынын оор экенин кабарлады.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталып, иш-чарага кеминде 1000 кишинин катышканы белгилүү болду.