Афганистанда 45 киши тоңуп каза болду

Жалпы Герат провинциясында көпчүлүгү көчөлөрдө жашаган 70 миңге жакын наркомандын бар экендиги болжолдолууда.

1933629
Афганистанда 45 киши тоңуп каза болду

Афганистандын батышындагы  Герат провинциясында кыш мезгилинин башталышынан бери көчөлөрдө жашаган 45 наркоман тоңуп каза болду.

Герат коопсуздук директорлугунун банги заттар менен күрөшүү боюнча директору Хаятуллах Рухани : "Суук абанын башталышынан бери  45 наркоман каза болду. Наркомандарды чогултуу операциясын баштадык",- деп билдирди. 

Көчөлөрдө түрдүү аймактардан келип Гератта жашай баштаган наркомандардын да бар экендигин белгилеген Рухани акыркы күндөрдө 3 миң 500 наркомандын реаблитация борборлоруна жиберилгендигин билдирди.

Жалпы Герат провинциясында көпчүлүгү көчөлөрдө жашаган 70 миңге жакын наркомандын бар экендиги болжолдолууда. 

 



Тектеш кабарлар