Буркина-Фасодо мечитке кол салуу болду

Кол салууда 9 киши каза болду.

1932614
Буркина-Фасодо мечитке кол салуу болду

Буркина - Фасонун Сахел аймагындагы мечитке жасалган кол салууда 9 киши каза болду.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Сахел аймагындагы Фалагунтоу районундагы мечитке ким экени белгисиз куралчан адамдар шам намазы учурунда кол салышкан.

Кол салууда имам менен кошо тогуз киши каза болду.

Коңшу Малидеги Аль-Каида жана ДЕАШ менен байланышы бар террордук топтор 2015 - жылдан бери Буркина - Фасонун түндүгүндө жана чыгышында тез - тез кол салууларды ишке ашырууда.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, кол салууларда  2015 - жылдан 2021 -  жылдын декабрына чейин 2000 адам, анын 600ү коопсуздук күчтөрү  каза болгон.

 



Тектеш кабарлар