Канадада жарылуу болду
Жетекчилер 3 жумушчунун дайынсыз экенин билдиришти.
1932202
Канададагы пропан куюучу жайдагы жарылуудан кийин 3 жумушчудан кабар жок.
Жарылуу Монреаль шаарындагы Propane Lafortune аттуу компанияга таандык заводдо болду.
Жарылуудан кийин заводдо чоң өрт чыгып, жалын жаңы жарылууларды пайда кылды. Имарат толугу менен талкаланып, аймактагы кээ бир үйлөр жана ишканалар эвакуацияланды. Жетекчилер 3 жумушчунун дайынсыз экенин билдиришти.
Ишканада күйүүчү газ болгон пропан толтурулган бир нече цистерналар жана баллондор бар экени маалымдалды.
Аймакта бир чарчы километр коопсуздук периметри түзүлдү.
Учурда жарылуунун себеби такталууда.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.