Европа Биримдиги Кудс жана Батыш Шериадагы курулуштардын бузулушуна каршы экендигин кайталады

Европа Биримдигинин Палестина кеңсеси «Израилдин Батыш Шерианын С аймагындагы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоорлорду кыйраткандыгы» тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1931560
Европа Биримдиги Кудс жана Батыш Шериадагы курулуштардын бузулушуна каршы экендигин кайталады

Европа Биримдиги оккупацияланган Кудс жана Батыш Шериада палестиналыктарга таандык   курулуштардын бузулушуна каршы экенин дагы бир жолу кайталады.

Европа Биримдигинин Палестина кеңсеси «Израилдин Батыш Шерианын С аймагындагы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоорлорду кыйраткандыгы» тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө сөздөрүнө орун берилген Европа Биримдиги Комиссиясынын кризисти башкаруу боюнча жооптуу мүчөсү Янез Ленарчич буларды айтты : "Европа Биримдиги Израилдин отурукташуу саясатына жана ушунун негизиндеги мыйзамсыз иш  -  аракеттерине каршы экендигин дайыма айтып келди. Израилге көп жолу С аймагы менен бирге оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы палестиналыктарга карата эл аралык мыйзамдын негизинде милдетин орундатуусу керектиги эскертилди".

Ленарчич Европа Биримдиги Комиссиясынын Европа Биримдиги да араларында болгон донорлор тарабынан каржыланган объектилерге карата  конфискациялоо жана бузуу кыймылдары жана булардан келип чыккан чыгымдарды  көзөмөлдөп жатканын баса белгиледи.

Европа Биримдигинин расмий өкүлү Европа Биримдиги тарабынан каржыланган, Израиль тарабынан талкалаган жана конфискациялаган активдердин ордун толтурууну, кайтарууну бир нече жолу Израилден талап кылгандарын айтты.

Израиль оккупациядагы  Батыш Шерианын чоң бөлүгүн түзгөн  "C" аймагында Европа Биримдиги өлкөлөрү тарабынан каржыланган курулуштар менен палестиналыктарга таандык айрым үйлөрдү "уруксатсыз" деген негиз менен кулатууда. 

 

 



Тектеш кабарлар