Польша менен Германиянын ортосунда компенсация тууралуу келишпестик

Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Аркадиуш Муларчик Германиянын Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда өлкөсүнө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинен жардам алууга аракет кыла тургандарын айтты.

1931278

Муларчик борбор шаар Варшавада өткөргөн пресс - конференцияда Польшанын согуш учурундагы жоготуулары тууралуу отчетту түзгөн топко жетекчилик кылгандыгын эске салды.

Муларчик  өлкөсүнүн «Германиядан төлөнүүчү компенсация» маселесин эл аралык коомчулукка жарыялоого аракет кылаарын билдирип : "Бүгүн АКШ Конгрессине кайрылып жатабыз. АКШнын глобалдык тартипти аныктоочу өлкө жана эл аралык тартипти, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн жана эл аралык адилеттүүлүктү сактоодо негизги өлкө экендигине ишенебиз",- деди.  

Муларчик компенсация үчүн АКШнын колдоосуна ишенерин айтты.

Польша өкмөтү 2022 - жылдын 1 - сентябрында Польшанын Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы каржылык жоготуулары тууралуу кеңири баяндама даярдап, ага ылайык Германиядан 1,3 триллион евро компенсация талап кылган.

2022 - жылдын 3 - октябрында Польшанын Тышкы иштер министрлиги компенсация төлөп берүү өтүнүчү менен Германияга дипломатиялык нота жөнөткөн.

Министрлик 3 - январда Германиядан талап кылынган согуштук компенсацияга байланыштуу «маселе жабылды» деген жооп алганын жарыялады.

Тектеш кабарлар