Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы Альцгеймер оорусун басаңдатуучу жаңы дарыны бекитти

FDA Leqembi деп аталган дарынын оорунун жеңил же алгачкы стадиялары бар бейтаптарга жазылаарын билдирди.

1929347
Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы Альцгеймер оорусун басаңдатуучу жаңы дарыны бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын  Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) Альцгеймер оорусун жайлатуучу жаңы дарыны бекитти.

FDA Leqembi деп аталган дарынын оорунун жеңил же алгачкы стадиялары бар бейтаптарга жазылаарын билдирди.

FDA тарабынан колдонууга уруксат берилген дары эс тутумдун жана ой жүгүртүүнүн начарлашын басаңдата аларын көрсөткөн түрүнүн биринчи үлгүсү.Бирок адистер дарынын таанып-билүүнүн начарлашын  бир нече ай гана кечеңдете аларын болжошууда.

Вашингтон университетинин невропатологу Джой Снайдер NBCке берген маегинде : "Бул дары дарылай албайт. Бейтаптын начарлашына тоскоол боло албайт, жөн гана оорунун күчөшүн  жайлатат",- деп билдирди.

Бир тараптан  адистер дарынын мээде шишиктин пайда болушуна же айда эки жолу куюу менен дарылоо зарылдыгы ортого чыгышы мүмкүн болгон тескери таасирине да көңүдөрдү бурууда.  

 

Япон  Эйсаи жана  АКШлык өнөктөшү Biogen чыгарган Leqembi менен 1 жылдык Альцгеймер дарылоосунун болжол менен 26 миң 500 долларга чыга турганы белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарында Альцгеймер оорусуна чалдыккан 6 миллион бейтаптын  бар экендиги болжолдолууда.

 



Тектеш кабарлар