Жо Байден Нетаньяху менен иштешүүнү күтүп жаткандыгын айтты

Байден Израиль парламенти Кнессет премьер - министр Биньямин Нетаньяху жетектеген жаңы өкмөттү бекиткенден кийин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1925771
Жо Байден  Нетаньяху менен иштешүүнү күтүп жаткандыгын айтты

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден өлкөсүнүн Израил менен Палестинанын ортосундагы эки мамлекеттүү чечимге коркунуч келтире турган саясаттарга каршы турууну уланта турганын билдирди.

Байден Израиль парламенти Кнессет премьер - министр Биньямин Нетаньяху жетектеген жаңы өкмөттү бекиткенден кийин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

АКШнын президенти : «Ирнадан келген коркутуулар да болуу менен Израиль жана Жакынкы Чыгыш аймагы бетме  - бет келген бир топ сынак жана мүмкүнчүлүк менен бирге карап чыгуу үчүн ондогон жылдан бери досум болгон премьер  - министр Нетаньяху менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам»,- деди.

АКШнын  интеграцияланган, гүлдөп өнүккөн жана коопсуз Жакынкы Чыгыш үчүн аракет кылып жатканын баса белгилеген Байден, бул көз карашты колдоо үчүн Израиль, Палестина жана башка аймактык өнөктөштөр менен иштешип жаткандарын жана муну премьер  - министр Нетаньяхунун лидерлигиндеги Израилдин жаңы өкмөтү менен улантууну максат кылгандарын айтты.

Байден : "Мен кызматка киришкенден бери кылгандай, Америка Кошмо Штаттары эки мамлекеттүү чечимди колдоону улантат жана анын жарамдуулугун коркунучка салган же  өз ара кызыкчылыктарыбыз менен баалуулуктарыбызга карама - каршы келген саясаттарга каршы чыгаууну улантат»,- деп эскертти.



Тектеш кабарлар