Француз Саламаттыкты сактоо министри иш таштоого чыккан дарыгерлерди сынга алды

Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Франсуа Браун саламаттыкты сактоо системасынын өтө оор мезгилинде жалпы дарыгерлердин иш таштоосун сынга алды.

1925148

Жогрку Савойа провинциясындагы Аннеси Женевуа ооруканасынын борборуна барган Браун билдирүүсүндө, өлкөнүн ар кандай эпидемияларга туш болуп жатканын айтты.

Браун сасык тумоо учурларынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн толгонуна көңүлдөрдү бурду.

Саламаттыкты сактоо системасынын кыйын мезгилден өтүп жатканын белгилеген Браун мындай мезгилде жалпы дарыгерлердин иш таштоосунун туура эмес экендигин айтты.

Француз министри келерки айда өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын реструктуризациялоону баштай тургандарын белгиледи.

Франциядагы дарыгерлер жумуш шарттарынын начарлашына нааразылык билдирип, консультация акысын көтөрүүнү талап кылуу үчүн жуманын башынан бери оорканаларын жабышты.

Эртең үчүн дарыгерлер коомунун чакыруусу менен башталган иш таштоонун 2 -  январга чейин улантылышы күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар