Никос Дендиас менен Бужар Османи Афинада жолугушту

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс - конференцияда сөз сүйлөгөн Дендиас Грециянын Түндүк Македониянын Европа Биримдигине мүчөлүк перспективасын колдоорун белгиледи.

1920010
Никос Дендиас менен Бужар Османи  Афинада жолугушту

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Бужар Османи Грециянын борбор шаары Афинада жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык темаларын сүйлөштү.

Грек министри Дендиас менен Түндүк Македониянын кесиптеши Османи Афинада жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс - конференцияда сөз сүйлөгөн Дендиас Грециянын Түндүк Македониянын Европа Биримдигине мүчөлүк перспективасын колдоорун белгиледи.

Дендиас Грециянын Түндүк Македониянын аймактагы эң жакын өнөктөшү экенин, Афинанын Түндүк Македонияга каршы эч кандай жашыруун күн тартиби жок экенин айтты.

Османи болсо эки өлкөнүн «эки жакшы кошуна» үлгүсүн көрсөткөнүн белгилеп, айрыкча Преспа келишиминен кийин саясий чөйрөдөгү жакшы карым - катнаштардын экономикалык карым - катнаштарга оң таасирин тийгизгенин билдирди.

Коңшулар ортосундагы терс карым - катнаштардын аймактагы ишеним сезимине да терс таасирин тийгизгенин баса белгилеген Османи, Европа Биримдиги  жана АКШнын ортомчулугу менен жетишиле турган толук чечимдин коопсуздук үчүн пайдалуу болоорун айтты.

 



Тектеш кабарлар