Конго Демократиялык Республикасында катуу сел жүрдү

Улуттук маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Кинсашада эки күн тынбай жааган жамгырдан кийин сел жана жер көчкү жүргөн.

1918542
Конго Демократиялык Республикасында катуу сел жүрдү

Конго Демократиялык Республикасынын борбору Кинсашада нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки селде каза болгондордун саны 120га жетти.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, Кинсашада 2 күндөн бери таасирдүү болгон нөшөрлөгөн жамгырдан кийин борбор калаанын көчөлөрүн суу каптап, көп сандаган үй урап, шаардын көптөгөн кварталдарында жер көчкү жүргөн.

Алгачкы аныктамалар боюнча 100 деп белгиленген апаатта каза болгондордун саны 120га жетти.

18 миллионго жакын адам жашаган Кинсашада каза болгондордун саны көбөйөт деген кооптонуу бар.

Кырсыктан кийин премьер-министр Жан-Мишель Сама Луконде өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Акыркы жылдарда чоң миграция толкунуна дуушар болгон Кинсашада 2019-жылы болгон селден 40 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар