Газа тилкесинде каза болгондордун саны 34 миң 622ге жетти

Израиль армиясы 7-октябрдан бери Газага чабуулун тынымсыз улантууда.

2135149
Газа тилкесинде каза болгондордун саны 34 миң 622ге жетти

Израиль 210 күндөн бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 34 миң 622ге, жаралуулардын саны 77 миң 867ге жетти.

Израиль армиясы 7-октябрдан бери Газа тилкесине чабуулун тынымсыз улантууда.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израиль армиясынын акыркы 24 саатта карапайым элге үч кол салуу жасаганы, дагы 26 кишинин каза болгону, 51 кишинин жараланганы белгиленди.

Кол салуулар башталгандан бери каза болгондордун саны 34 миң 622ге, жаралуулардын саны 77 миң 867ге жеткени кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) билдирүүсүндө: «Газада 10 миңден ашуун аял каза болуп, 19 миңден ашуун аял жаракат алды. Күн сайын 37 бала апасынан ажырап жатат. Абал коркунучтуу. 155 миңден ашуун кош бойлуу жана эмчек эмизген энелердин суу жана гигиеналык материалдарга жетүүсү олуттуу чектелди»-делди.



Тектеш кабарлар