Түштүк Африкада 14 киши селге кабылды

Жукскей дарыясы катуу жааган жамгырдан улам ташкындады.

1914730
Түштүк Африкада 14 киши селге кабылды

Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарындагы Жукскей дарыясында сыйынып жаткан чиркөө мүчөлөрүнөн 14 киши нөшөрлөгөн жамгырдан кийин болгон дарыя ташкынын себебинен каза тапты.

Йоханнесбургдун чукул кызматтарынын билдирүүсүнө караганда, шаардагы Жукскей дарыясы катуу жааган жамгырдан улам ташкындады.

Селдин кесепетинен дарыяда диний жөрөлгөлөрдү аткарып жаткан 30 кишиден 14ү каза болду.

Селде дайынсыз жоголгон 16 адамды издөө иштеринин жүрүп жатканы билдирилди.


Этикеткалар: #Жукскей дарыясында

Тектеш кабарлар