Кытайда күнүмдүк Ковид - 19 бейтап саны жогорку деңгээлге жетти

Кытайда акыркы 24 саатта вирустан улам бир киши каза болуп, оорунун белгисин көрсөткөн  4 миң 10, көрсөтпөгөн 27 миң 646 бейтап аныкталды.

1910758
Кытайда күнүмдүк Ковид  - 19  бейтап саны жогорку деңгээлге жетти

 Кытайда коронавирус боюнча күнүмдүк бейтап  саны эпидемиянын башынан бери эң жогорку деңгээлге жетти.

Улуттук саламатыкты сактоо комиссиясынан берилген маалыматка караганда Кытайда акыркы 24 саатта вирустан улам бир киши каза болуп, оорунун белгисин көрсөткөн  4 миң 10, көрсөтпөгөн 27 миң 646 бейтап аныкталды.

Күз айларында  жалпы өлкөдө бейтаптар көбөйгөн  акыркы эпидемия толкунунда Омикрондун өтө жугуштуулугу  "BA.5.2" суб-вариантынын жайылышынын эффективдүү болгондугу болжолдолууда.  

Хинан провинциясынын борбору Цингкоу шаарында бейтаптардын жайылышынын көзөмөлгө алынбашынан улам  8 райондо   жарандарга азык  - түлүк   жана медициналык жардам тышында 5 күн үйлөрүнөн чыкпоо эскертилди.

Гуандун провинциясынын борбору жана Кытайдын үчүнчү чоң шаары Гуанкоуда Хубей провинциясынан иштөө үчүн кеткен жумушчулардын  карантинден кийин убактылуу баш калкалоочу жайларына кайтып келе албагандыгы,  үйсүз калышканы кабарланды.

South China Morning Post гезитинин кабарында, жабуу чаралары колдонулган Хайчу районуна караштуу  маалаларда жумушчулардан  Ковид  - 19 тести позитив чыккандардын убактылуу карантин  борборлоруна жөнөтүлгөнү, бирок изоляциянын мөөнөтү аяктагандан кийин маалаларына  кирүүсүнө уруксат  берилбегени белгиленди.

Борбор шаар Пекинде да бейтап саны, эпидемия башталгандан берки эң жогорку деңгээлге жетип, көрүлгөн чаралар барган сайын күчөтүлүүдө. 22 миллионго жакын калктуу шаарда акыркы 2 саатта  орунун белгисин көрсөткөн 500, көрсөтпөгөн 1139 бейтап аныкталды. Күнүмдүк бейтап саны акыркы 2 күндө 1000ден ашты.



Тектеш кабарлар