Владимир Путин азык - түлүк кризиси боюнча батыштык өлкөлөрдү айыптады

Владимир Путин орус айыл  - чарба тармагынын жетекчилери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү.

1909277
Владимир  Путин азык  - түлүк кризиси боюнча батыштык өлкөлөрдү айыптады

Россиянын президенти Владимир Путин : "Батыштык айрым өлкөлөрдүн авантюристтик, профессионалдуу эмес саясатынан келип чыккан тең салмаксыздыктардан улам азык  - түлүк тартыштыгын жашап жаткан  өлкөлөргө жардам берүүнү улантабыз",- деди. 
Владимир Путин орус айыл  - чарба тармагынын жетекчилери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү. 

Россиянын  азык  - түлүк коопсуздугунда маанилүү орунду ээлеген продукцияларды жеткире алганын айткан Путин : "Дан, кант, өсүмдүк майы, балык азыктары жана башка көптөгөн азыктарды бере алабыз. Ошондой эле  эт жана эт азыктарын ички базар менен 110 өлкөгө экспорттой  алабыз",- деди.

Глобалдык базарда болуп жаткан азык  - түлүк кризиси тууралуу батыштык өлкөлөрдү айыптаган Путин : "Айрым батыштык өлкөлөрдүн авантюристтик, профессионалдуу эмес саясатынан келип чыккан тең салмаксыздыктардан улам азык  - түлүк тартыштыгын жашап жаткан  өлкөлөргө жардам берүүнү улантабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар