Украина: "Орусия кечээ 96 ракета жана учкучсуз аппарат менен кол салды"
Украин армиясы орус күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу маалыматты жаңылады.
Украина бийлиги Орусиянын кечээ өлкөнүн энергетикалык объектилерин 96 ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алганын жарыялады.
Украин армиясы орус күчтөрүнүн кечээ өлкөнүн энергетикалык объектилерине жасаган чабуулдары тууралуу маалыматты жаңылады.
Буга ылайык Орусия Украинадагы энергетика объектилерине 96 канаттуу ракета, башкарылуучу учак ракеталары жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды.
Орус армиясы тарабынан учурулган 75 канаттуу ракета жана 2 башкарылуучу учак ракетасы менен 12 учкучсуз аппарат Украинанын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлдү.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.