Жо Байден Дональд Трамп мезгилинде  Париж климаттык келишиминен чыкканы үчүн кечирим сурады

Байден климаттык кризис менен күрөшүү үчүн Африка өлкөлөрүнө 150 миллион доллар жардам беришерин билдирди.

1905589
Жо Байден  Дональд Трамп мезгилинде  Париж климаттык келишиминен чыкканы үчүн кечирим сурады

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мезгилинде  Париж климаттык келишиминен чыкканы үчүн кечирим сурады.

Байден Египеттин Шарм Эль - Шейх шаарында өткөрүлгөн БУУнун 27 - Климат конференциясында сөз сүйлөп,  климаттык кризистин гуманитардык, экономикалык, экологиялык жана улуттук коопсуздукка байланыштуу экенине көңүл буруп, мурдагы президент Трамптын Париж Климат келишиминен чыкканын эске салды.

Байден : «Мен кызматка киришээрим менен биз дароо келишимге кайттык. Климат  боюнча ири саммиттерди өткөрдүк. Мен бул келишимден убагында чыкканыбыз үчүн кечирим сурайм»,- деди. Бул  келишимден АКШнын 2030 - жылга чейин көмүр кычкыл газын чыгаруу максаттарына жетүү үчүн колунан келгендин баарын кылганын белгилеген Байден, Россия - Украина согушунун да күйүүчү майларга болгон көз карандылыкты мүмкүн болушунча тез арада жоюнун шашылыш экенин көрсөткөнүн айтты.

Байден климаттык кризис менен күрөшүү үчүн Африка өлкөлөрүнө 150 миллион доллар жардам беришерин кошумчалады.

Бир тараптан Байдендин сөзүнүн акырына карай залдагы бир топ фоссилдик күйүүчү майга каршы нааразычылык акциясын баштады.

Колдоруна плакаттарды алган митингчилердин сөзүнө кийлигишүүсүнөн кийин Байден бир канча убакытты токтоп турду жана митингчилер тышка чыгарылды.

 

 

 



Тектеш кабарлар