Антониу Гутерриш : "Эл аралык коомчулук Мьянмада ийгиликсиз болду"

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш 2021 - жылдын февраль айынан бери аскердик хунта башкарып жаткан Мьянмада эл аралык коомчулуктун “иштей албагандыгын” айтты.

1905553

Камбоджанын борбор шаары Пномпенде Түштүк - Чыгыш Азия мамлекеттери ассоциациясынын (АСЕАН) лидерлер саммити уланып жатканда  Гутерреш маалымат берип,  мүчө мамлекеттердин  Мьянмадагы аскердик  администрацияга биримдик сунуш кылган 5 пункттан турган тынчтык планына баш ийүүсү тууралуу   кысым көрсөтөрүнөн үмүттөнөрүн билдирди.

Гутерриш 2023 -  жылы АСЕАНдын кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп ала турган Индонезиянын Мьянмада учурдагы абалга карата мамилесине баа берип   «Индонезия өкмөтүнүн күн тартибин оң жагынан алдыга жылдыра алаарын» сезгендигин айтты.

Гутерриш өзгөчө  БУУнун Мьянма боюнча атайын өкүлү Нолин Хейзерди өлкөдөгү "адам укуктарынын кескин бузулушун" токтотуу үчүн АСЕАН менен тыгыз кызматташууга үндөдү.

Гутерриш Мьянмада баары ийгиликсиз экенин белгилеп : "БУУ мүчө болгон эл аралык коомчулук толугу менен ийгиликсиз болду",- деди. 

Тектеш кабарлар