АКШда орто мөөнөттүү шайлоо өтүүдө

АКШлык шайлоочулар Өкүлдөр палатасындагы 435 орун жана сенаттагы 100 орундуктун 35и үчүн шайлоого барышууда.

1903593
АКШда орто мөөнөттүү шайлоо өтүүдө

АКШлык шайлоочулар жашаган штаттардагы губернаторлук жана башка жергиликтүү позициялар менен бирге Өкүлдөр палатасындагы 435 орун жана сенаттагы 100 орундуктун 35и үчүн шайлоого барышууда.

Акыркы сурамжылоодо Республикачыл партиянын Конгресстин астыңкы  палатасы – Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү ээлей турганын көрсөтсө да, Сенаттын жогорку палатасында ким көпчүлүккө ээ болору азырынча белгисиз.

АКШнын президенти Жо Байден акыркы митингин Нью  -  Йоркто өткөрдү.

Байден орто мөөнөттүү шайлоо үчүн : «Өмүрүбүздүн абдан маанилүү шайлоосу»,-  деп Трампты айыптады.

Трамп болсо митингин Огайо штатында өткөрдү. Доналд Трамп : «Сенатты жана Өкүлдөр палатасын кайра алабыз. Акырында 2024 – жылы Ак үйдү  да кайра алабыз»,- деди.

Трамп өзгөчө : «Бүгүн бул шайлоого тоскоол болгум келбейт. 15 -  ноябрда  Флорида  Палм-Бич шаарында чоң билдирүү жасайм»,- деди.

 



Тектеш кабарлар