Греция машыгууларды өткөрүү үчүн даярданып жатат

Греция жана Египет биргеликте уюштурган «Медуза» аттуу машыгуунун 19 – 25 -  ноябрь күндөрү Александрияда өткөрүлүшү пландалууда.

1902509
Греция машыгууларды өткөрүү үчүн даярданып жатат

Грециянын куралдуу күчтөрүнүн Криттен Александрияга чейин кенен аймакта машыгуу жүргүзүүгө даярданып жаткандыгы билдирилди.

Грек басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Сауд Арбияга таандык алты Ф  - 16  аскердик учагы грек аскердик учактары менен  "Falcon Eye 3" аттуу машыгууну ишке ашыруу үчүн бейшемби күндөн бери Криттеги Суда базасында.

Сауд Арабиянын коргоо министрлиги да Твиттерден берген билдирүүсүндө "Ф  - 15"  аскердик учактары  "Falcon Eye 3" машыгуусуна катышуу үчүн Грециядагы Суда аба базасына келе жатат»,- деп маалымдады.

Греция жана Египет биргеликте уюштурган «Медуза» аттуу машыгуунун 19 – 25 -  ноябрь күндөрү Александрияда өткөрүлүшү пландалууда.

Греция, АКШ, Израиль, Франция, Италия, Египет жана Англия катышкан «Немесис 2022» аттуу көп улуттуу машыгуу үчүн грек деңиз күчтөрүнө таандык фрегаттын Кипрдин грек бөлүгүндө экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар