Кытайдын ташуучу ракетасынын Тынч океанына түшүшү күтүлүүдө

Кытайдын жер орбитасында курган космостук станцияга  лабораториялык модулду ташыган  Long March 5B ракетасынын  Тынч океанынын үстүнөн атмосферага киргендиги билдирилди.

1902372

Америка Кошмо Штаттарынын космостук командирлиги Твиттер баракчасынан Кытай Эл Республикасына таандык ракетанын бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 13.01де атмосферага киргенин жана Тынч океанынын ортоңку түштүгүнө жакын  жерге түшүшү күтүлгөнүн маалымдады.Көзөмөлсүз түшүүнүн так ордун билүү үчүн Кытай бийлигине кайрылуу сунушталды.

Кытайдын космостук станциясына учурган  экинчи лабораториялык модулу Мингтиен 31 - октябрда "Лонг Март 5В"  ташуучу ракетасы менен Хайнань аралындагы Винчаң космостук кемесин учуруу борборунан  учурулду.

Узундугу 17,9 метр жана диаметри 4,2 метр болгон, аты кытайча "асманды кыялдануу" дегенди билдирген модул 23 тонналык ракета менен орбитага чыгарылды.

Ракета  модулдан чыккандан кийин Төмөнкү жер орбитасында жердин айланасында көзөмөлсүз түрдө кыймыл кыла баштаган. Ракетанын кыймылы жана атмосферага кайдан кирери жердеги башка космостук агенттиктер жана мекемелер тарабынан иликтенүүдө.

Тектеш кабарлар