Данияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо

Шайлоодо 14 партия ат салышууда.

1900446
Данияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо

Данияда мөөнөтүнөн 7 ай мурда өткөн жалпы шайлоодо добуш берүү башталды.

179 орундуу Дания парламентине кирүү үчүн 14 партия ат салышууда.

Шайлоо өнөктүгүндө саясий партиялар салыктын төмөндөшү, инфляция жана жогорку энергетика бааларына карата сунуштаган чечимдери менен алдыңкы орунга чыкты.

Талапкерлердин арасында азыркы премьер-министр Метте Фредериксен коргонууга бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүүгө убада берсе, оңчул борборчул партиялар миграцияны чектөөгө убада беришти.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бүгүн түн ортосунда, так жыйынтыктардын болсо эки күндүн ичинде жарыяланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар