ПКК/ЙПГ дагы бир кыз баланы уурдады

Террордук уюм уурдаган   же кармаган жаштарды жана балдарды куралдуу машыгуу үчүн лагерлерге алып барууда.

1899159
ПКК/ЙПГ дагы бир кыз баланы уурдады

ПКК/ЙПГ террордук уюму Сирияда колунда кармап турган Хасеке облусунан бир кыз баланы уурдап куралдуу курамына кошту. 

Оппозициячыл күрттөрдүн «Көз карандысыз күрт Рабита» тобунун басма сөз катчысы Редор Ел Ахмет билдирүүсүндө ПКК/ЙПГ террористтеринин Хасекенин Маликийе районунан 12 жаштагы кызды барымтага алышканын айткан. 

ПКК/ЙПГнын октябрь айында  беш баланы үй-бүлөсүнөн алганын белгилеген Ахмет, ПКК/ЙПГ террористтеринин куралдуу курамын кеңейтүү үчүн акыркы айларда бала уурдоону күчөткөнүн белгиледи.

ПКК/ЙПГ террористтери Айнулараб районунун Хеленч айылынан 6-октябрда 12, 13 жана 14 жаштагы 3 баланы жана 8-октябрда 14 жаштагы бир кызды уурдашкан. 

Террористтер уурдап кеткен балдардын  үй - бүлөлөрү менен сүйлөшүүгө уруксат бербей жатышат.

Террордук уюм уурдаган   же кармаган жаштарды жана балдарды куралдуу машыгуу үчүн лагерлерге алып барууда. 

 

 

 



Тектеш кабарлар