Иранда абакта чыккан өрттөн 8 адам каза болду

Саясий туткундары менен өзгөчөлөнгөн Эвин түрмөсүндө 15-октябрь ишемби күнү болгон окуяларга байланыштуу Ирандын Соттук маалымат кеңсесинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

1893769
Иранда абакта чыккан өрттөн 8 адам каза болду

Ирандын борбор шаары Тегерандагы Эвин түрмөсүндө мурунку күнү болгон окуяларда дагы 4 туткундун жараланышы менен каза болгондордун саны 8ге жетти.

Саясий туткундары менен өзгөчөлөнгөн Эвин түрмөсүндө 15-октябрь ишемби күнү болгон окуяларга байланыштуу Ирандын Соттук маалымат кеңсесинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

Билдирүүдө, «Жеке кылмышкерлер жайгашкан бөлүмдөгү окуяларда жараланган 10 туткундун дагы 4ү каза болду. Жараланган 6 туткундун дарылануусу уланууда. Абактагы окуяларда каза болгондордун саны 8ге жетти»,делди.

Ирандын Сот бийлигинин маалымат кеңсеси кечээги билдирүүсүндө, жеке кылмышкерлер жайгашкан бөлүмдө туткундардын ортосундагы мушташ учурунда түрмөнүн тигүү цехинде чыккан өрттүн натыйжасында 4 туткун түтүнгө ууланганын жарыялады. 10 туткун, анын ичинен 4ү оор жаракат алганы белгиленген.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн көрүнүштөрдө Эвин түрмөсүндө өрт чыкканы, ок атуу жана жардыруу үндөрү да угулганы байкалды.



Тектеш кабарлар