Индия суу түбүндөгү баллистикалык ракетасын сынады

Ракетанын ишенимдүү, тоскоолдук күчүнө ээ, бекем жана туруктуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги билдирилди.

1893197
Индия суу түбүндөгү баллистикалык ракетасын сынады

Индия суу астында жүрүүчү баллистикалык ракетасын (SLBM) сынады. Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Алдын ала белгиленген аралыкта сыноодон өткөн ракета Бенгал булуңундагы бутага толук тактык менен тийди. Курал системасынын бардык операциялык жана технологиялык параметрлери текшерилди",- деп билдирилди.

Билдирүүдө, баллистикалык ракета сыноосу менен суу астындагы кеменин экипажынын жетиштүүлүгү жана Индиянын ядролук кармануусу далилденгени белгиленди. Ракетанын ишенимдүү, тоскоолдук күчүнө ээ, бекем жана туруктуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги маалымдалды.
АКШ, Россия, Кытай, Франция жана Британиядан кийин Индия да суу түбүндөгү баллистикалык ракета атуу жөндөмдүүлүгүнө ээ алтынчы өлкө болду. Индия ракета атылган "INS Arihant" аттуу биирнчи атомдук суу түбүндөгү кемесинин курулушун 2016 - жылы премьер  - министр Нарендра Мудинин жолдомосу менен баштаган. 

 

 



Тектеш кабарлар