Израиль аскерлеринин кол салуусунда эки палестиналык каза болду
Израиль күчтөрү Женин шаарына кол салды.
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женинге жасаган кол салууда эки палестиналык каза болду. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль аскерлери Женин шаарына кол салды. Аскерлер кол салууга каршылык көрсөткөн палестиналыктарга чыныгы жана пластикалык октор менен кийлигишти.
Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кол салууда эки палестиналыктын каза болгондугу белгиленди. Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста тез-тез кол салууларды жасаган Израил күчтөрү палестиналыктарды түрдүү айыптолор менен камакка алууда.Ушундан улам Израиль армиясынын кол салуусуна каршылык көрсөткөн аймактын тургуну палестиналыктар менен Израиль аскерлеринин ортосунда окуялар чыгууда.
Палестина куралдуу каршылык көрсөтүү топтору көп болгон түндүктөгү Женин качкындар лагеринде Израил аскерлеринин рейддери учурунда маал-маалы менен куралдуу кагылышуулар болууда.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.