ДССУ: "Маймыл чечектен 26 адам каза болду"

Гебреисус, маймыл чечек оорусуна байланыштуу акыркы абалга баа берди.

1892158
ДССУ: "Маймыл чечектен 26 адам каза болду"

Дүйнөдө маймыл чечеги оорусунан 26 адамдын каза болгондугу кабарланды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Женевадагы штаб-квартирасында өткөрүлгөн маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүндө башкы директор Тедрос Аданом Гебреисус, маймыл чечек оорусуна байланыштуу акыркы абалга баа берди.

Тедрос Гебреисус: «Учурда ДССУга 26 өлүм жана 70 миңден ашуун учур билдирилди»,-деди.

Гебреисус маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын азайышы уланып жатканын, бирок Америка  аймагындагы көптөгөн өлкөлөрдө өсүү катталганын баса белгиледи.

Маймыл чечегинин да коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) сыяктуу "глобалдык чукул абал" бойдон кала берээрин эске салган Гебреисус, өлкөлөрдү тест жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга чакырды.



Тектеш кабарлар