Путин : "Европага газ өткөрүү үчүн Түркияга чоң газ борборун кура алабыз"
Орус лидери : "Түндүк Агымдын саботажынын артында Россия менен Европанын мамилесин үзүүнү каалагандар турат",- деди.
Россиянын президенти Владимир Путин Түркияда Европага газ жеткирүү үчүн чоң жаратылыш газ борборун кура ала тургандарын айтты.
Владимир Путин борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Россиянын энергетика жумалыгы конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Европадагы жаратылыш газ кризисине чечүүчү жол катары Түркияга көңүл бурду.
Түркияда Европа үчүн чоң жаратылыш газ борборун кура ала тургандарын белгилеген Путин : "Мунай рыногуна карата кийлигишүү, резервдерди колдонуу энергетика маселесин чече албайт. Россия Европага энергетика өткөрүүгө даяр. Топ алардын аянтында",- деди.
Орус лидери өткөн апталарда Түндүк Агым мунай куурларына жасалган саботажды "эл аралык терроризм" деп атап : "Түндүк Агымдын саботажынын артында Россия менен Европанын мамилесин үзүүнү каалагандар турат",- деди.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.