Кытайда жасалган учуучу унаа Дубайда биринчи жолу учуусун аткарды

Унаа вертикалдуу учуп - коно алат жана ар бир бурчта экиден сегиз винти бар.

1891846
Кытайда жасалган учуучу унаа Дубайда  биринчи жолу учуусун аткарды

Кытай электрдүү унаа өндүрүүчүсү  Xpeng Inc тарбынан чыгарылган "учкан унаа" Бириккен Арап Эмираттарында элге ачык учушун аткарды. Фирма эл аралык базарга чыгаруу максатында электрдүү унаа өндүрүүнү максат кылууда. X2 деп аталган учуучу унаа эки орундуу, вертикалдуу учуп-конуучу (eVTOL) электр унаасы, ар бир бурчта экиден сегиз винти бар. 

Учуу бош кабина менен аткарылды. Бирок фирма 2021 -  жылы июль айында адам башкарган сынактан өткөндүгүн белгиледи. Стили мыкты долбоорлонгон унаа эки жүргүнчүнү ташый алат жана саатына 130 километр ылдамдыкка чыга алат. 

 



Тектеш кабарлар