Юн Сук Ёл : "Түндүк Корея дүйнөнү коркутууда"

Пхеньян башкаруучулугу 2022 - жылдын башынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун  токтомдорун бузуу менен түрдүү аралыктарда 20дан ашык баллистикалык ракета сыноосун өткөргөн.

1891344
Юн Сук Ёл : "Түндүк Корея дүйнөнү коркутууда"

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл Түндүк Кореянын өзөктүк куралы бүткүл дүйнөдө коркунуч туудурганын айтты.

Юн борбор шаар Сеулда журналисттердин суроолоруна жооп берип, АКШ  жана Япония менен альянс түзүү аркылуу өлкөсүнүн коргонуусун бекемдөө убадасын кайталап, акыркы окуялардын Түндүктүн өзөктүк коркунучунун «күн сайын олуттуу болуп баратканын» көрсөтүп жатканын айтты.

Юн : "Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк курал мүмкүнчүлүктөрүн тынымсыз өнүктүрүүдө. Бул азыр бир эле Түштүк Кореяга эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурууда. Бирок менин оюмча Түндүк Корея өзөктүк куралдан эч нерсе ала албайт",- деди. 

Элин тынчсызданбоого ишендирген Юн өлкөсүнүн коркунучка АКШ жана Япония менен жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. 

Түштүк Корея кечээ акыркы 2 аптада 7 ракета сыноосун ишке ашырган Түндүк Кореяны «провокацияларын дароо токтотууга» чакырды.

Белгилүү болгондой, Пхеньян башкаруучулугу 2022 - жылдын башынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун  токтомдорун бузуу менен түрдүү аралыктарда 20дан ашык баллистикалык ракета сыноосун өткөргөн.


 

 



Тектеш кабарлар