Иранда жер титирөө болду

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында болгон жер титирөөдөн 276 адамдын жабыркаганы кабарланды.

1888699
Иранда жер титирөө болду

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында болгон жер титирөөдөн 276 адамдын жабыркаганы кабарланды.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:51де күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын очогу Хой шаары болгон.

10 километр тереңдикте болгон жер титирөөнүн айланадагы шаарларда да сезилгени белгиленди.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда  276 адамдын жаралангандыгы, 200гө жакын имаратта анча чоң эмес чыгымдын болгондугу белгиленди.

Кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы AFAD эпицентринин Вандын Башкале районуна болжол менен 62 километр алыстыкта ​​экени аныкталган жер титирөөнүн күчү 5,6 баллга жеткенин жарыялады.

Социалдык медиада жер титирөөнүн Ван жана Хаккариде да сезилгени кабарланды.

 

 



Тектеш кабарлар