Эди Рама Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын жакында кызматка кирерин айтты

Албаниянын премьер- министри Эди Рама өлкөсүнүн Түркиядан сатып алуу үчүн келишкен Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын жакында кызматка кирерин белгиледи.

1886476
Эди Рама  Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын жакында кызматка кирерин айтты

Албаниянын премьер- министри Эди Рама өлкөсүнүн Түркиядан сатып алуу үчүн келишкен Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын жакында кызматка кирерин белгиледи.

Раманын да катышуусу менен Албаниянын Улуттук жарандык коргонуу агенттиги жана "Satellogic USA Inc" фирмасынын ортосунда өлкөнүн коргонуу жана коопсуздук тармагында өнүккөн технологиялар менен байкоо үчүн 6 миллион долларлык спутник кызматы келишимине кол коюлду.

Рама бул жерде сүйлөгөн сөзүндө спутник менен көп жерде эмне болуп жатканын байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандарын, мыйзамдуулук, коррупция менен күрөшүү жана мамлекетти күчтөндүрүү сыяктуу темаларда башка доорго кире тургандарын айтты.

Рама Түркиядан Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарын алышарына байланыштуу мындан мурда берген билдирүүсүнө токтолуп бул учкучсуз учуучу аппараттардын жакында кызматка кире тургандыгын белгиледи.

Рама: "Бул спутниктердин артынан дрондор жакын арада келет. Жаңы өнүгүүлөрдүн негизинде буларды толуктоого жана куралдуудрон алууга чечим чыгардык. Албетте, куралдуу учкучсуз учактар ​​терроризмге же потенциалдуу душманга каршы экстремалдык абалдар үчүн. Бирок бул дрондордун спутниктерге шайкеш келген бир катар кошумча функцияларга ээ»,- деди.

Коргонуу министри Нико Пелеши да келишимдин өлкө жерлеринин байкоого алынышы, спутник кызматынын колдонулушу үчүн техникалык жана профессионал жөндөмдүүлүктөрдүн өнүктүрүлүшү, географиялык маалымат системасын иштетүү сыяктуу түрдүү темаларда «Албания- 1» жана «Албания- 2» деп аталган эки спутниктин 3 жылдыгынаколдонууну камтыгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар