Париж күндүз транспорт кыймылына жабылды

«Париж дем алууда» иш-чарасы быйыл 8-ирет өткөрүлдү.

1881519
Париж күндүз транспорт кыймылына жабылды

Франциянын борбор шаары Парижде 8-жолу өткөрүлгөн «Париж дем алууда» иш-чарасынын алкагында күндүз жолдор унааларга жабылды.

Париж мэриясынын сайтындагы маалыматка караганда, быйыл 8-ирет өткөрүлгөн «Париж дем алууда» иш-чарасынын алкагында шаар жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.00-18.00 аралыгында автотранспорт кыймылына жабылды.

Парижде тыюуга баш ийбеген айдоочуларга 135 евро айып пул салынары билдирилди.

Коомдук транспорттордун, таксилердин жана тез жардам унааларынын айдоочулары бул тыюу салуудан бошотулду, бирок жол кыймылында уруксат берилген ылдамдык чектери кыскартылды.


Этикеткалар: #Париж дем алууда

Тектеш кабарлар