Сириядагы уруулар террор уюму ЙПГ/ПККны айыпташты

Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарда жайгашкан Сирия Уруулар жана урук-туугандар мажлисинин (SKAM) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1877818
Сириядагы уруулар террор уюму ЙПГ/ПККны айыпташты

Сириянын ар кайсы аймактарынан келген уруулар террор уюму ЙПГ/ПККнын жикчил жана кыйратуучу иш-аракеттери менен өлкөнүн жеринин бүтүндүгүн бутага алуусун айыпташты.

Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарда жайгашкан Сирия Уруулар жана урук-туугандар мажлисинин (SKAM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сирияда SDG атын колдонгон ЙПГ/ПКК террористтеринин сепаратисттик жана кыйратуучу кыймылдары менен бут бойдон өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бутага алганы баса белгиленди.

Билдирүүдө ЙПГ/ПКК басып алган аймактарда коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшү мүмкүн эместиги белгиленип: «Террорчулардын кыймыл-аракеттерин айыптайбыз, террорчулардын бирден бир максаты-Сирияны бөлүп-жаруу, жеке пайда табуу, колундагы бийликти колдон чыгарбоо жана Сирия элинин байлыгын талап-тоноо»,делди.

Билдирүүдө террордук уюмдун уурдалган ресурстарды жана байлыктарды Сирия калкына кайтарып бериши керектиги баса белгиленип, кризистен чыгуунун жалгыз жолунун Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо экени белгиленди.

Асад режиминин кабар агенттиги САНАда орун алган кабарга караганда Сириянын түндүк-чыгышындагы Жазира аймагындагы араб уруулары да ЙПГ/ПККнын жикчил аракеттерин катуу айыпташты.

Жазирадагы араб урууларынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкө аймагынын бүтүндүгүнө көңүл бурулуп, террордук уюмдун өлкөнү бөлүүнү максат кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар