Столтенберг Түркия,Швеция жана Финляндиянын үч тараптуу жыйналышына баа берди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Канадага сапарынын жүрүшүндө Жастин Трюдо менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1872968
Столтенберг Түркия,Швеция жана Финляндиянын үч тараптуу жыйналышына баа берди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Швеция жана Финляндиянын НАТОго катышуусуна байланыштуу Түркия менен түзүлгөн үч тараптуу механизмдин алкагында кечээ Финляндияда өткөрүлгөн Туруктуу биргелешкен механизм жыйынын кубаттаганын айтты.

Канадага сапарынын жүрүшүндө Жастин Трюдо менен биргелешкен маалымат жыйын өткөргөн Столтенберг, Финляндияда өткөн үч тараптуу жолугушууну баалоо жөнүндө суроого НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери Испаниянын борбору Мадриддеги саммитте тарыхый чечим кабыл алышып Швеция менен Финляндияны мүчө болууга чакырганын эске салды.

Столтенберг Түркия менен Швеция жана Финляндиянын, эки өлкөнүн мүчөлүгү үчүн карай турган жол боюнча үч тараптуу меморандум боюнча макулдашканын эске салып, мындай деп улантты: «Бул жердеги элементтердин бири Түркия, Швеция жана Финляндиянын биргелешип террор менен күрөшүүдө дагы тыгыз иштеше турган механизмди түзүү болчу. Биз бардык союздаштардын коопсуздук маселелерин түшүнүшүбүз керек. Айрыкча тема терроризм болгондо Түркиянын коопсуздук маселелерин да түшүнүшүбүз керек. (Кечээ) Жолугушуунун өткөнүнө кубанычтабыз, Швеция менен Финляндиянын Мадридде макулдашылган маселелердин орундатылышын улантышын кубаттайм».



Тектеш кабарлар