Финляндияда ЙПГ/ПКК демонстрациясы, Швецияда түрк тектүү саясатчыга тоскоолдук...

Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин алдына чогулган террор колдоочулары Финляндия менен Швецияны Түркиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу талаптарын кабыл албоосун жана НАТОго кирбөөнү талап кылышты.

1872900
Финляндияда ЙПГ/ПКК демонстрациясы, Швецияда түрк тектүү саясатчыга тоскоолдук...

Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын жактоочулары Швеция, Финляндия жана Түркияга каршы демонстрация өткөрүштү.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин алдына чогулган террор колдоочулары Финляндия менен Швецияны Түркиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу талаптарын кабыл албоосун жана НАТОго кирбөөнү талап кылышты.

28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөрүлгөн НАТО саммитинде Түркия, Финляндия жана Швеция кол койгон Үч тараптуу меморандумдун алкагында түзүлгөн Туруктуу биргелешкен механизмдин биринчи жыйналышынын Финляндияда өткөрүлүшүнө да каршы болгон террор колдоочулары демонстрациясында  ЙПГ/ ПККны символдогон чүпөрөктөрдү көтөрүшүп, террордук уюмдун корбашчысынын плакатын ачты.

Бир тараптан Швециядагы Ар түрдүү түстөр партиясынын (Няндар) төрагасы,түрк тектүү саясатчы  Микаил Йүкселдин шайлоо плакаттары талкаланып, плакаттарга акаарат сөздөр жазылды.

Швецияда 11-сентябрда боло турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоо өнөктүктөрү уланып жатканда, Мальмёдо Ар түрдүү түстөр партиясынын шайлоо плакатына кол салуу болду.

Йүксел, билдирүүсүндө, шайлоодо ага тоскоол болуу үчүн плакаттарына кол салуулар жана ар кандай тоскоолдуктарга туш болгонун айтты.



Тектеш кабарлар