Европа Биримдиги Россиянын "дос эмес мамлекеттер" тизмесине каршылык көрсөттү

Россия Греция, Дания, Словения, Словакия жана Хорватияны "дос эмес мамлекеттер" тизмесине киргизди.

1858497
Европа Биримдиги  Россиянын  "дос эмес мамлекеттер" тизмесине каршылык көрсөттү

Европа Биримдиги Россиянын Европа Биримдигине мүчө  5 өлкөнү "дос эмес мамлекеттер" тизмесине киргизишине каршылык көрсөттү. 

Европа Биримдиги Кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Россиянын Греция, Дания, Словения, Словакия жана Хорватияны "дос эмес мамлекеттер" тизмесине киргизгендиги белгиленди. 

Маалыматта : "Европа Биримдиги  достукка жатпаган аракеттер тууралуу айыптоолорду негизсиз жана кабыл алынгыс деп таап, Россияны мындай тизмелерди жок кылууга чакырат. Бул чечим Россиянын Европа Биримдиги жана мүчө өлкөлөрү менен чыңалууну күчөтүүгө карата башка бир кадамы",- деп билдирилди. 

Россиянын президенти Путиндин жарлыгына ылайык  түзүлгөн "дос эмес мамлекеттер" тизмесине кирген өлкөлөрдүн Россиядагы дипломатиялык миссиялары жана консулдук мекемелеринде жергиликтүү кызматкерлердин иштөөсүнө чектөө киргизилгени жарыяланган. 

Ушул  боюнча Греция үчүн 34, Дания үчүн 20, Словакия үчүн 16 кишилик  жергиликтүү кызматкер чегинин белгиленгендиги, Словения жана Хорватиянын  мындан киийн дипломатиялык миссиялары жана консулдук мекемелеринде  жергиликтүү кызматкерлердин иштебей тургандыгы билдирилген.

 

 



Тектеш кабарлар